Астана «Россия 1» каналындагы чагымчыл билдирүүгө жооп кайтарды

Астана «Россия 1» каналындагы чагымчыл билдирүүгө жооп кайтарды

Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко кремлчил «эксперттин» «Украинадан кийинки проблема – Казакстан» деген билдирүүсүнө комментарий берди.

Буга чейин соцтармактарда «Россия 1» телеканалынын «Вечер с Владимиром Соловьевым» аттуу программасындагы берүүдөн үзүндү жарыяланган. Анда орусиялык саясат таануучу Дмитрий Дробницкий Казакстанда да Украинадагыдай нацисттик процесстер башталышы мүмкүн экенин билдирип, «Украинадан кийинки маселе – Казакстан» деп айткан. Программа кайсы күнү тартылганы белгисиз.

«Биринчиден, бул Орусия бийлигинин расмий позициясы эмес деп ойлойбуз. Экинчиден, бул Казакстан менен Орусиянын салттуу тыгыз карым-катнашына доо кетирет. Үчүнчүдөн, Орусия бийлиги буга тиешелүү реакция жасаса – туура болот деп эсептейбиз», — деди Василенко журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Ошондой эле, ал Казакстанда нацисттик көрүнүштөр такыр жок экенин белгилеген.

Быйыл февраль айында Орусия Украинага кол салып киргенде, Владимир Путин Украинага «атайын операция» жүргүзүүнүн бир себеби денацификация (нацистик идеалогиядан арылтуу) экенин билдирген. Карапайым жарандар муну жакшы түшүнбөгөндүктөн орус бийлиги бул терминди сейрек колдонуп калды.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Тэги: Казакстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>