“Ат-Башы” Түштүк Кореяда

“Ат-Башы” Түштүк Кореяда

Сеулда бельгиялык фотографтын Кыргызстандын жаратылышына арналган «Ат-Башы» сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул туурасында Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, 28-декабрда Бельгия Элчилиги жана Корей Фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Элчилигинин көмөгү менен уюштурулган Бельгиялык фотограф Фредерик Байкс Кыргызстандын жаратылышы тууралуу «Horse Head» (Ат-Башы) аттуу сүрөт көргөзмөсү Сеулдагы Корей фондунун имаратында ачылды.

Бельгиялык фотограф Фредерик Байкс өзүнүн сүрөттөрүн Ат-Башы районуна арнаган. Ал өз эмгегинде адам менен жаратылыштын ортосундагы болгон байланышты баса белгилейт. Анда адамдар менен жаныбарлардын кантип ынтымактуу жашашы, бири-бирине канчалык көз каранды экени, табияттын кээде катаал көрүнүштөрүнө кантип туруштук берери көрсөтүлгөн. Мунун баары Ат-Башы районунун көчмөн тургундарынын жашоо образы жөнүндө түшүнүк берет.

Көргөзмө онлайн форматта 2022-жылдын 9-февралына чейин уланат. Элчилик көргөзмөгө чакырат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>