Курулушту кечиктирген ишканаларга жаңы объектилерди курууга уруксат берилбейтБишкекте кыймылсыз мүлк сатып алуучулар үчүн OSK Forum 2026 форуму өтөтКыргызстандын Суу-мотор спорту федерациясы эл аралык UIM уюмуна мүчө болдуСадыр Жапаров энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу маселесин кароону тапшырдыКРда 200 миң сомго чейин келишимсиз жана ЖИ аркылуу сатып алууга уруксат берилиши мүмкүнЛондондо Кыргызстан өзүнүн туристтик дараметин тааныштырууда
Лондондо Кыргызстан өзүнүн туристтик дараметин тааныштырууда
05.11.2026 | 10:31

Улуу Британиянын Лондон шаарында «World Travel Market» (WTM) London 2026 эл аралык көргөзмөсү башталды. Анда Кыргыз Республикасы өзүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Иш-чарага Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Омар Султанов жана Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Малика Молтоева катышкан.
Көргөзмөдө кыргыз делегациясы улуттук стенд уюштуруп, өлкөнүн жаратылышын, маданий мурастарын жана туризм тармагындагы багыттарын көрсөтүүдө.
Агенттик бул көргөзмөгө катышуу эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, ишкердик байланыштарды түзүүгө жана Кыргызстанды туристтик багыт катары таанытууга багытталганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика