“…тоңгон муз ээрип…” Курманбек Бакиев куттуктоо жолдоду

“…тоңгон муз ээрип…” Курманбек Бакиев куттуктоо жолдоду

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Белорусиядан фейсбуктагы баракчасы аркылуу куттуктоосун жолдогон. Ал жалпы кыргыз элине жакшылык каалап, акыркы 10 жыл ичинде муз ээрип жатканын билдирген.

“Урматтуу Кыргызстандыктар!

Ардактуу кыргыз элим! Эң оболу жалпыңыздарды кирип келе жаткан 2022- жаңы жылыңыздар менен өзүмдүн, үй-бүлөмдүн, жакындарымдын атынан чын дилимден куттуктаймын.

Жаңы-жыл Кыргызстандын ар бир үй бүлөсүнө бак-таалайдын, ырыскынын, ынтымактын жылы болсун.

Өлкөбүздө тополоң-тос, башаламандык, кагылышуу, кан төгүлүү сыяктуу эч кимге керек эмес каргашалар кайталанбасын.

Кыргыз элим илгеркидей бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып: аксакалдар туура сөзүн сүйлөгөн калыс болуп, жаштарыбыз жамандыктан алыс болуп, сын көз менен карап турган башка элге үлгү бололу.

Соц. тармактардан мени жана менин үй бүлөмдү жаңы-жыл менен куттукташып, жакшы тилектерин, таза каалолорун жазып жатышкан мекендештериме чын жүрөктөн ыраазы болуп, рахмат айтамын.

Силердин мага карата жазган куттуктоо сөздөрүңөр, асыл тилектериңер көп жылдан бери сыртта жүргөн мага күч-кубат, дем берип жатты. Мүмкүнчүлүк болсо ар бириңдин аты жөнүңөрдү өзүнчө атап, ар бириңерге рахматымды, каалоомду айтсам жарашмак. Бирок, андайга убактым жетпешин жакшы түшүнөсүңөр. Ошондуктан, баарыңарга болгон ой тилегим бирдей.

Өлкөдө акыркы он жыл ичинде тоңгон муз ээрип, муз менен кошо тоңуп турган кеме кыймылдап, жакшылыкка, өнүгүүгө багыт алып сапар тартканы сезилип турат. Бул нерсе менин да ичимди жылытып, ички дүйнөмдө жакшылыктын үмүтүн жандырды.

Өз элин ойлогон адам: кандай шартта, кайсыл жерде болбосун, жүрөгүндө өзүнүн туулган жери, боордош эли менен бирге болот.

Ошондуктан өлкөбүздөгү болуп жаткан өзгөрүүлөргө кыргыз элим менен кошо мен да кубанып жатамын.

Ылайым эле Кыргызстаныбыз гүлдөп, кыргыз элим жамандык көрбөй жашасын.

Оору-сыркоодон, өлүм-житимден сыртта болуп, жаңы жылды жакшы маанай менен тосуп алыңыздар.

Урматым менен…

Курманбек Салиевич

Минск шаары, 30.12.2021” – деген.

Курманбек Бакиев 2010-жылдагы революциядан кийин үй-бүлөсү, туугандары менен чет өлкөгө качып кеткен. Ушул тапта үй-бүлөсү менен Белорусияда баш калкалап жүрөт. 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин анын бийлиги кулатылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>