Кемпир-Абад иши: Камактагы Илгиз Шаменовго дагы бир айып тагылды

Кемпир-Абад иши: Камактагы Илгиз Шаменовго дагы бир айып тагылды

Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурган ишкер жана активист Илгиз Шаменовго дагы бир айып угузулду. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Шаменовго ИИМдин тергөө кызматы тарабынан 36, 326-берене (Конституцияны бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттерди уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айып тагылган.

«Бул берене боюнча жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган. Эл арасында «Кемпир-Абад иши» деп аталып калган жазык иши жакынкы арада сотко өткөрүлүп калчудай. Сотто иштин жагдайлары дыкаттык менен териштирилип, калыс баа берилип, адилеттүү чечим чыкса экен», — дейт ал.

Ал белгилегендей, учурда Шаменов ооруканада дарылануусун улантууда.

Эскерте кетсек, Илгиз Шаменов былтыр октябрдын аягында Кемпир-Абад иши боюнча «массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектелип Москвадан кармалып, Кыргызстанга алынып келген.

Буга чейин жактоочу Канат Асанкадыр Шаменовдун балык чарба бизнесине кысым болуп жатканын айтып чыккан.

Камактагы ишкер Илгиз Шаменовдун бизнесине кысым болууда, — жактоочу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>