«Ата-Бейитте» илдеттен каза болгондорго багышталып Куран окулду

«Ата-Бейитте» илдеттен каза болгондорго багышталып Куран окулду

Бүгүн, 30-июлда, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон Кыргызстандын жарандарынын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Иш-чарада маркумдарга багышталып Куран окулду.

Улуттук аза күтүү күнүнө арналган эскерүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек  Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Соттун Төрайымы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максат Токтомушев катышты.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 27-июлунда «Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү катары жарыялоо тууралуу» Жарлыкка кол койгон.

Аза күтүү күнүндө Кыргызстандын бүткүл аймагында тиешелүү иш чаралар болуп өтөт, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарындагы мамлекеттик туулар түшүрүлөт. Мындан тышкары маданий мекемелерине жана телерадиокомпанияларына көңүл ачуучу иш-чараларды жана берүүлөрдү токтото туруу сунушталган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан жалпы 1 миң 347 бейтап каза болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>