Бакыт Сыдыков Кыргызстан санкциялык тобокелдиктер менен кантип күрөшүп жатканын айтып берди

05.09.2026 | 11:54
Бакыт Сыдыков рассказал, как Кыргызстан борется с санкционными рисками — Новости Кыргызстана

КР Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында бул тармактагы тобокелдиктер жана көзөмөлдөө чаралары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, акыркы төрт жылдын ичинде Кыргызстандын виртуалдык активдер чөйрөсү калыптануу баскычынан өтүп, жигердүү өнүгүү жолуна түштү. Мамлекеттин негизги милдети — мыйзамдуу рынок үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен бирге, өлкөнүн финансы тутумун кылмыштуу кирешелерди адалдоодон, терроризмди каржылоодон жана санкциялык тобокелдиктерден коргоо болуп саналат.

Сыдыков 2022-жылдан тарта Батыштын санкциялык саясаты санкция киргизилген юрисдикциялар менен соода-экономикалык байланыштарын сактап калган үчүнчү өлкөлөрдүн компаниялары менен банктарына көбүрөөк багыттала баштаганын белгиледи. Банк секторундагы чектөөлөрдөн улам трансчегаралык эсептешүүлөрдүн бир бөлүгү санариптик чөйрөгө өтүп, натыйжада ата мекендик банктар, соода компаниялары жана виртуалдык активдерди тейлөөчүлөр чет элдик көзөмөл органдарынын өзгөчө көңүл чордонуна түштү.

Министрдин айтымында, учурда АКШ, Евробиримдик жана Улуу Британиянын санкциялык тизмелеринде 25тен ашык ата мекендик компания жана жеке жак катталган. Алардын ичинде мурда лицензия алган виртуалдык активдер боюнча үч кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле айрым банктар менен соода уюмдары бар. Бул төлөмдөрдүн бөгөттөлүшү, корреспонденттик эсептердин жабылышы жана тышкы соода операцияларынын чектелиши сыяктуу иш жүзүндөгү олуттуу тобокелдиктерди жаратууда.

Ошол эле учурда Сыдыков колдо бар маалыматтар Кыргызстандын виртуалдык активдер инфраструктурасы санкцияларды кыйгап өтүүнүн системалуу каналы болуп саналбастыгын тастыктап жатканын баса белгиледи — изилдөө борборлорунун баалоосуна ылайык, санариптик активдер менен жасалган операциялардын үлүшү жалпы каржылык агымдын 0,3%ынан ашпай, өтө аз көлөмдү түзөт.

Министр бул багытта кабыл алынган комплекстүү чаралар боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

Биринчиден, көзөмөлдөөчү орган криптокомплаенс боюнча аналитикалык платформаны ишке киргизди — ал кардарларды жана бенефициардык ээлерди мамлекеттик базалар аркылуу милдеттүү түрдө идентификациялоону, транзакциялар менен крипто-капчыктардын мыйзамсыз иштерге байланышын текшерүүнү, ошондой эле маалыматтарды Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына өткөрүп берүүнү камтыйт. Мониторингдин жыйынтыгында лицензиялык талаптарды бузгандыгы үчүн виртуалдык кызмат көрсөтүүчү эки субъекттин — «ТенгриКоин» жана «Гриннекс» компанияларынын лицензияларынын аракети токтотулду.

Экинчиден, Министрлер кабинети USDKG стейблкоин долбоорунун эмитенти болгон «Эва» акционердик коомун жоюу жараянын баштоо чечимин кабыл алды. Бул процедура активдердин ээлери жана өнөктөштөр алдындагы милдеттенмелердин аткарылышын толук көзөмөлдөө менен жүргүзүлүүдө.

Үчүнчүдөн, санкциялык тобокелдиги жогору болгон операцияларга көзөмөл күчөтүлдү: мамлекеттик банктар 130дан ашык компанияны тейлөөнү токтотуп, эсептерин жапты, ал эми акыркы ведомстволор аралык талдоонун негизинде 19 компаниянын ишин токтотуу чечими чыкты. Учурда тиешелүү органдар дагы 50гө жакын юридикалык жакты текшерүүдө — Сыдыков текшерүү фактысынын өзү эле мыйзам бузуу бар экенин билдирбей турганын, ар бир жагдай жекече иликтенип жатканын белгиледи.

Төртүнчүдөн, Евробиримдик менен өз ара кызматташуу боюнча туруктуу техникалык топ түзүлдү, АКШ, ЕБ жана Улуу Британия менен диалог уланууда — кыргыз тарап суралган маалыматтарды берип, санкциялык тобокелдиктерди азайтуу чараларын талкуулап келет.

Сыдыков мындан аркы иштер негизги үч багытка буруларын билдирди: мыйзамдуу бизнеске түшүнүктүү шарттарды түзүү, көзөмөлдүн сапатын арттыруу жана өлкөнүн каржы инфраструктурасын санкциялык жана башка регулятордук тобокелдиктерден коргоо. Анын айтымында, виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү мыйзамдар так сакталганда, операциялар ачык-айкын жүргүзүлгөндө жана бардык катышуучулардын жоопкерчилиги камсыздалганда гана улантылышы керек.

Теги: санкции
Scroll to Top