«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Садыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» Пакистандын премьер-министри менен жолугушту
02.09.2026 | 11:31

Бишкектеги «Ынтымак Ордо» президенттик резиденциясынын алдындагы аянтта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифти тосуп алуунун салтанаттуу аземи болду.
Аскердик оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаргандан кийин, Пакистандын премьер-министри Ардак кароол ротасына жана этножоокерлерге «Салам, аскер!» деп салам айтты. Мамлекет башчылары расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырышып, аскер кызматкерлеринин салтанаттуу маршын кабыл алышты.
Протоколдук сүрөткө түшүүдөн кийин Садыр Жапаров менен Шахбаз Шариф соода-экономикалык жана аймактык кызматташтыкты чыңдоо маселелери боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн жыйындар залына өтүштү.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Садыр Жапаров