«Кыргызстан — ШКУнун чет жакасы эмес, башкы түйүнү»: Эксперт саммит жана Түштүк Азияга чыгуу жолдору тууралуу

Бишкек ШКУ саммити тарыхый декларациянын кабыл алынышы менен аяктады. Эксперттердин пикиринде, Кыргызстан төрагалык мезгилин жөн гана абройлуу документ менен эмес, эл аралык аренадагы жаңы статус менен жыйынтыктады. Коопсуздук боюнча эксперт, КР Коргоо министринин орун басарынын кеңешчиси Мурат Бейшенов Reporter.kg басылмасы менен болгон маегинде эмне үчүн республика ШКУнун чет жакасы эмес, өзөгү экендигин, «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолу эмне берерин жана көп жылдан бери талкууланып келе жаткан CASA-1000 долбоору качан ишке кирерин түшүндүрүп берди.
ШКУнун Кыргызстан үчүн мааниси
Эксперттин айтымында, Кыргызстан ШКУга төрагалык кылган эки жылды татыктуу өткөрдү жана саммиттин жыйынтыгында кабыл алынган Бишкек декларациясы тарыхта калат.
«Бишкек декларациясы кыйла прагматикалык мүнөзгө ээ — кеп 2025-жылы Тяньцзинде талкууланган маселелерди кантип ишке ашыруу жөнүндө болуп жатат. Бул БУУнун реформасы, климат, энергетика, суу, экономика, транспорт жана экология маселелери», — дейт Бейшенов.
Эксперт Кыргызстан уюмдун негизги демилгелеринин, айрыкча «тоо — суу — климат — энергетика — азык-түлүк — транспорт — экология — коопсуздук» чынжырынын активдүү катышуучусу экенин баса белгиледи.
«Кыргызстан — ШКУнун чет жакасы эмес. Биз транспорттук, суу-энергетикалык жана экологиялык коридордун эң маанилүү, башкы түйүнүбүз. КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин айткандай, Борбор Азия өлкөлөрү ШКУнун өзөгү болуп саналат, ал эми Кыргызстан ошол өзөктүн өзөгү», — дейт Мурат Бейшенов.
Темир жол жана транспорттук коридорлор жөнүндө
Бейшенов буга чейин курулушу башталган «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жол долбооруна өзгөчө токтолду.
«Бул канча жылдан бери талкууланып келди — эми иши кызуу жүрүүдө. Бул долбоордун өзү эле эмнеге татыйт! Бул жөн гана темир жол эмес — бул Каспий аркылуу Европага чыгуу, бул энергетика, автожолдор, мунун баары «Бир алкак — бир жол» концепциясына туура келет», — деди ал.
Ошол эле учурда эксперт өлкөнүн географиялык аялуулугуна көңүл бурду: Кыргызстандын деңизге да, океанга да, ал тургай Каспийге да чыгуусу жок. Ошондуктан республика үчүн транспорттук коридорлор — бул стратегиялык маселе.
Пакистан жана CASA-1000 долбоору
Пакистан менен болгон мамилелер тууралуу сөз кылып, Бейшенов акыркы бир жылда жогорку деңгээлдеги сапарлар менен мамилелер жылыганын белгиледи.
«Соода жүгүртүү — 200 млн доллар. Бул көп эмес, бирок 10–15 жыл мурун ал таптакыр жок болчу. Максат — 250 млн долларга жеткирүү. Бизге пакистандык дары-дармектер, айыл чарба продукциялары, туристтер, студенттер керек. Бизде да аларга сунуштай турган нерсебиз бар», — деди ал.
Эксперт Кыргызстандын Түштүк Азияга чыгышы үчүн CASA-1000 энергетикалык долбоорун (Ооганстан жана Тажикстан аркылуу Пакистанга электр энергиясын экспорттоо) негизги кадам катары атады.
«Бул долбоор 10–15 жылдан бери талкууланып келет. Биз жана тажик тарап дээрлик даярбыз — «Датка» аркылуу баары даярдалган. Болгону Ооганстан калды. 2027-жылга чейин аны кошуу пландалууда, сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кудай буюрса, ишке ашат. Түштүк Азияга чыгуу Кыргызстан үчүн чоң жетишкендик», — деп баса белгиледи Бейшенов.
Эксперт ошондой эле ШКУнун алкагында Бишкекте коопсуздукка коркунучтарга (кылмыштуулук, баңгизат соодасы) каршы туруучу универсалдуу борборду түзүү демилгесин эске салды.
Сөзүн жыйынтыктап жатып, Бейшенов жетишкендиктер менен токтоп калбай, сандык көрсөткүчтөн сапатка өтүүгө чакырды.
«Кыргызстан экономикалык, дипломатиялык жана маданий бумду башынан кечирүүдө. Кудай буюрса, бул темп төмөндөбөсүн. Бирок азыр сапарга көңүл буруу өтө маанилүү — транспортто, дипломатияда, экономикада, баарынан. Сан бар, эми сапат керек», — деп жыйынтыктады эксперт.