Эксклюзив

Көчмөндөр оюндарындагы коопсуздук: баланы, акчаны, документтерди жана өзүңдү кантип сактоо керек?

31.08.2026 | 13:30
Көчмөндөр оюндарындагы коопсуздук: баланы, акчаны, документтерди жана өзүңдү кантип сактоо керек? — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жүз миңден ашуун адам катышат. Демек, мындай чоң масштабдыгы оюндар менен бирге туристтердин коопсуздугуна байланыштуу ар кандай көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Reporter.kg өткөн Оюндардын тажрыйбасына таянып, мүмкүн болгон көйгөйлөрдүн тизмесин жана алардан кантип сактануу керектиги тууралуу колдонмо даярдады.

Эл көп жерде балаңызды жоготуп алсаңыз

Алгач, Оюндарга бара жатканда балаңыздын кийими алыстан эле көзгө урунгандай кийинтиңиз. Иш-чарага чыгар алдында балаңызды сүрөткө тартып алыңыз. Бул бала жоголуп кетсе, анын сырткы көрүнүшүн башкаларга тез түшүндүрүп берүүдө жардам берет.

Баланын шымынын, көйнөгүнүн, күрмөсүнүн же шамалдан коргой турган кийиминин жабылуучу чөнтөгүнө анын аты-жөнү жана сиздин байланыш номерлериңиз жазылган кагаз салып коюңуз. Кагаз жамгырдан суу болбой тургандай корголушу керек.

Эл көп болгондуктан балаңыз сизден адашып кетсе же телефон байланышы иштебей калса, алдын ала кайсы жерде жолугушарыңызды сүйлөшүп алыңыз. Мисалы, маалымат тактасынын жанында, милициянын постунда же алыстан көрүнгөн башка белгилүү жерлерде жолугушсаңыз болот.

Балаңыз ата-энесинин же аны коштоп жүргөн адамдын жок дегенде биринин аты-жөнүн, телефон номерин билиши керек. Ошондой эле жоголуп кетсең, алыска кетпе деген маанилүү эрежени түшүндүрүңүз.

Балаңыз жоголуп кетсе эмне кылуу керек:

• дароо жакын жердеги милиция кызматкерине, күзөтчүгө же волонтёрго кабарлаңыз. «Азыр өзү табылат» деп күтүп отурбаңыз;

• милиция кызматкерине, күзөтчүгө же волонтёрго баланын аты-жөнүн, жашын, кийген кийимин, аны акыркы жолу качан жана так кайсы жерден көргөнүңүздү айтыңыз;

• бала жоголуп кеткенде чоң кишилердин бири ошол жерде калсын. Калгандары жакынкы чыгуучу жерлерди, дааратканаларды жана алдын ала сүйлөшүлгөн жолугушчу жерди текшерсин;

• 102 (милиция) же 112 (өзгөчө кырдаалдар боюнча бирдиктүү номер) телефонуна чалыңыз.

Аттар жана дүрбөлөң

Көк бөрү сыяктуу ат оюндары өзгөчө кооптуу болушу мүмкүн. Ат катуу ызы-чуудан, жарыктан, артындагы кыймылдан же бирөөнүн ага тийүүгө аракет кылышынан чочуп, күтүүсүз реакция кылышы мүмкүн.

Андыктан:

• жаныбарга коштоп жүргөн адамдын уруксаты жок өз алдынча жакындабаңыз, ага тийбеңиз, жем-чөп бербеңиз жана жанында сүрөткө түшпөңүз;

• атка артынан жакындабаңыз жана ат менен тосмонун ортосунан өтпөңүз.

Көрүүчү атайын белгиленген жерде гана турушу керек. Катышуучулар жүрүүчү жолго, манежге, талаага же алар өтүүчү коридорго кирбеңиз. Тосмодон ашып өтүүгө да болбойт.

Эгер Оюндарга балаңыз же өспүрүмдөр менен барсаңыз, бул эрежелерди аларга да түшүндүрүп коюңуз.

Ат тосмодон чыгып кетсе эмне кылуу керек:

• чуркабаңыз, кыйкырбаңыз жана атты кармап калууга аракет кылбаңыз. Ошондой эле жаныбардын жолунда туруп алып, болуп жаткан окуяны телефонго тартпаңыз;

• жакын жердеги тосмонун артына жашыныңыз же калыстар, күзөтчүлөр жана коштоп жүргөн адамдар элди кайсы тарапка алып бара жатса, ошол жакка ыктаңыз.

Мушташ, чыр-чатак жана чагымчылык

Башка спорттук жайларда да кооптуу жагдайлар жаралышы мүмкүн. Күйөрмандардын эмоциясы күчөп турганда, калыстын чечимин талкуулоо чоң мушташка чейин жетиши мүмкүн.

Сизди да чыр-чатакка түрткөн учурлар болушу мүмкүн. Мисалы, айдоочу, кезекте турган башка турист, сатуучу же билет текшерген кызматкер атайылап же кокусунан сизге орой сөз айтып, эч себепсиз эле сиз менен сөз талашышы мүмкүн.

Жаныңызда мушташ болуп жатса же сизди чыр-чатакка түртүшсө эмне кылуу керек:

• эң негизгиси — чырды күчөтпөңүз. Так жана сабырдуу сүйлөшүңүз;

• өзүңүздүн туура экендигиңизди далилдей турган нерселерди сактап коюңуз. Мисалы, чек, билет, таксист менен болгон жазышуу жана башка далилдер;

• сизге же коопсуздугуңузга коркунуч жаралса же сизге карата кылмыш жасалып жатканын байкасаңыз, 102 номерине чалып, милицияга кайрылыңыз;

• мушташып жаткан адамдарды өзүңүз ажыратууга аракет кылбаңыз. Милиция чакырыңыз же ошол жердеги жакынкы тартип сакчыларын табыңыз.

Адамдарды сөзү же аракети менен атайылап чыр-чатакка түртүп жаткан шектүү, өтө агрессивдүү адамды көрсөңүз да милицияга кайрылыңыз.

Ошондой эле Оюндар өтүп жаткан жерлерден ээси жок шектүү сумка, пакет же башка буюмдарды көрсөңүз, бул тууралуу милицияга кабарлаңыз.

Жаракат алуу жана өзүңүздү жаман сезүү

Оюндарга бара жатканда өзүңүздү кандай сезип жатканыңызга көңүл буруңуз. Жеңил жана кенен кийим кийиңиз, сөзсүз баш кийим алыңыз жана сууну үзгүлтүксүз ичип туруңуз. Ошондой эле көлөкөдө эс ала турган жерди алдын ала карап коюңуз.

Эгер жүрөк оорусу, кант диабети же атайын дары-дармек талап кылган башка ооруңуз болсо, керектүү дарыларыңызды өзүңүз менен кошо алып алыңыз. Дарыны 1–2 дозага жеткидей ашыкча алып алуу керек.

Өзүңүздү жаман сезип калсаңыз же жаракат алсаңыз эмне кылуу керек?

«Бутумду жөн эле кайрып алдым, өтүп кетет» деп ойлосоңуз да, жардам сурагандан тартынбаңыз.

Бишкекте Оюндардын ачылыш аземинде медициналык бригадалар иштейт. Мындан тышкары, Оюндар өтө турган жерлерде медициналык жардам көрсөтүүчү беш борбор уюштурулат (https://reporter.kg/ru/na-vsemirnykh-igrakh-kochevnikov-organizuyut-punkty-meditsinskoy-pomoschi/ ).

Алар:

• Орнок айылындагы Көчмөндөр цивилизациясынын музейи;

• «Рух Ордо» комплекси;

• Чолпон-Атадагы ипподром жана дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси;

• «Дордой Номад» амфитеатры;

• Кырчын капчыгайы.

Эгер өзүңүз же Оюндардын башка катышуучусу эс-учун жоготсо, дем алуусу кыйындаса же өмүрүнө олуттуу коркунуч жаралса, 103 (тез жардам) же 112 (өзгөчө кырдаалдар боюнча бирдиктүү номер) телефонуна чалыңыз.

Жабыркаган адамды зарылчылыксыз ордунан жылдырбаңыз.

Эвакуация

Эвакуация ар кандай себептен болушу мүмкүн. Мисалы, ири мушташтан же улуттук коопсуздукка байланыштуу коркунучтан улам адамдарды эвакуациялоо талап кылынышы мүмкүн.

Өзгөчө кырдаал болуп, эвакуациялоо керек болсо эмне кылуу керек:

• дүрбөлөңгө түшпөңүз жана эшиктердин же чыга турган жолдордун жанында токтоп калбаңыз;

• милиция кызматкерлеринин, волонтёрлордун жана ошол жерде иштеп жаткан уюштуруу комитетинин өкүлдөрүнүн көрсөтмөлөрүн аткарыңыз;

• белгилер көрсөтүлгөн чыга турган жолго эл менен кошо барыңыз. Элдин агымына каршы чуркабаңыз;

• жыгылып калсаңыз, дароо ордуңуздан турууга аракет кылбаңыз — сизди эл тебелеп кетиши мүмкүн. Буттарыңызды жыйнап, бүктөлүп жатып, башыңызды колуңуз менен коргоого аракет кылыңыз;

• буюмдарыңызды алуу үчүн кайра барбаңыз жана өзгөчө кырдаалдан кийин жабылган аймакка кирбеңиз. Буюмдарыңызды кийин алып кетесиз.

Телефон, паспорт же банк картасын жоготуп алуу же уурдатуу

Оюндар учурунда телефон дээрлик экинчи паспортуңуз сыяктуу маанилүү болот. Телефондо банк карталарыңыз, Оюндарга билеттериңиз, банктык тиркемелериңиз жана жашооңузга байланыштуу башка көптөгөн маалыматтар болот. Бул маалыматтардын баары уурунун колуна түшүп калышы мүмкүн.

Ошондуктан Оюндарга чейин жана Оюндар учурунда телефонуңузда:

• ишенимдүү бөгөт коюу кодун же манжа изи менен кирүүнү орнотуңуз;

• мессенджерлериңизге сыр сөз коюңуз;

• телефонуңузду издөөгө мүмкүндүк берген функцияны күйгүзүңүз;

• экрандын автоматтык түрдө кулпуланышын күйгүзүңүз.

Телефонуңузду столдун үстүнө, чөпкө же ачык чөнтөккө таштап койбоңуз. Эл көп жерде телефонду арткы чөнтөккө эмес, ичиндеги жабык чөнтөккө салыңыз.

Керек болуп калса деп кагазга мейманканада жашаган дарегиңизди жана жакындарыңыздын маанилүү телефон номерлерин алдын ала жазып алып, өзүңүз менен кошо алыңыз. Айрыкча бул номерлерди жатка билбесеңиз, сөзсүз жазып алыңыз.

Эң негизгиси — банктык тиркемелердин сыр сөздөрүн телефондун жазууларына сактабаңыз. Айрыкча кайсы цифралар банктык тиркеменин сыр сөзү экенин көрсөтүп жазбаңыз.

Паспортуңузду, телефонуңузду, банк карталарыңызды жана накталай акчаңызды ар башка жерлерде жана ар башка чөнтөктөрдө сактаңыз.

Акчаны да бир жерге топтобой, бир нече бөлүккө бөлүп коюу жакшы, аз өлчөмдөгү акчаны капчыкка, калганын башка жерге салыңыз.

Банк карталары, телефон же паспорт жоголуп кетсе эмне кылуу керек?

Банк карталарын жоготуп алсаңыз — дароо тиркеме аркылуу же банкка чалып, карталарды бөгөттөңүз. Телефонуңузду издөөгө мүмкүндүк берген функцияны күйгүзүңүз. Андан кийин иш-чара өтүп жаткан жердеги кызматкерлерге жана милицияга кайрылып, жоголгондугу тууралуу арыз жазыңыз.

Телефонуңузду жоготуп алсаңыз — дароо банк аркылуу банктык тиркемелерди бөгөттөңүз жана SIM-картаны да бөгөттөтүңүз. Андан кийин телефонуңузду издөөгө же аны алыстан бөгөттөөгө мүмкүндүк берген функцияны колдонуңуз. Милицияга жана иш-чара өтүп жаткан жердеги уюштуруучуларга кайрылыңыз. Жоголгондугу тууралуу дароо арыз жазыңыз.

Паспортуңузду жоготуп алсаңыз — эртеңкиге чейин күтпөңүз жана жоголгон паспортту өз алдынча издөөгө аракет кылбаңыз. Алгач паспортту акыркы жолу качан көргөнүңүздү эстеңиз. Андан кийин милицияга жана иш-чара өтүп жаткан жердеги уюштуруучуларга кайрылыңыз.

Кыргызстандыктар паспортун жоготуп алган учурда тиешелүү аймактык органга арыз менен кайрыла алышат. Ошондой эле паспортуңузду «Табылгалар бюросу» аркылуу издеп көрсөңүз болот.

Эгер сиз чет өлкөлүк болсоңуз, милицияга кайрылгандан кийин өз өлкөңүздүн элчилиги же консулдугу менен байланышыңыз.

Кыргызстандын ыкчам кызматтарынын номерлери

Бул номерлерге чалуу акысыз. Каалаган телефондон чалса болот. Негизги номерлер:

112 — шашылыш жардамдын бирдиктүү номери — өрт, өмүргө коркунуч, жаракат, эвакуация жана сиз күбө болгон башка кооптуу кырдаалдар үчүн;

101 — өрт кызматы — өрт, түтүн же бир нерсенин күйүп жатышы үчүн;

102 — милиция — бала жоголуп кетсе, уурулук, чыр-чатак, өмүргө коркунуч, жол кырсыгы, зомбулук, киши өлтүрүү жана башка кылмыштар боюнча;

103 —медициналык тез жардам;

104 — авариялык газ кызматы — Оюндар өтүп жаткан жерде же анын жанында газдын жытын сезсеңиз чалыңыз.

Шашылыш кызматтын операторуна эмне айтуу керек?

Шашылыш кызматка телефон чалганда кыска жана сабырдуу сүйлөңүз:

• эмне болгонун;

• так кайда экениңизди: шаарды, Оюндар өтүп жаткан жерди жана болжолдуу секторду;

• өзгөчө кырдаалда канча адам жабыркаганын же адам жоголсо, кимди издеп жатканыңызды;

• сизге же ошол жердеги башка адамдарга өмүргө коркунуч бар-жогун;

• телефон номериңизди жана аты-жөнүңүздү айтыңыз.

Оператор сизге суроо берип жатса, телефонду коюп салбаңыз. Эгер байланыш начар болсо, ошол жердеги кызматкерден кызматтык телефон аркылуу жардам чакырып берүүсүн өтүнүңүз.

Маалымат: Reporter.kg VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалыматтык өнөктөшү болуп саналат. Өнөктөштүктүн алкагында Reporter.kg Оюндарга даярдык көрүү жана аларды өткөрүү процессин чагылдырып, мелдештер, маданий программа жана башка иш-чаралар тууралуу маалыматтарды байма-бай жарыялап турат. Ошондой эле окурмандарга иш-чаралар өтүп жаткан жерлерден ыкчам маалымат жеткирмекчи.

Елена Короткова

Теги: ВИК
Scroll to Top