Яндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыдыПашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирдиБишкек мэриясы «Манас» университетинин тосмосун бузууну мыйзамдуу деп атадыНарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйү курулуудаКамчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту эми ачык түрдө өтөрү айтылуудаГрузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапар менен келди
Атыр Абдрахматова кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду
03.05.2023 | 10:38
Бүгүн, 3-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын сунушу менен Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды.
Алсак, аталган сунушту Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети карап, колдогон.
Жыйынтыгында сунушка добуш берилип, көпчүлүктүн добушу менен Атыр Абдрахматова кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулду.
Абдрахматова бул кызматта 2022-жылдын февралынан бери иштеп келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом