Пашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирди

11.06.2026 | 18:10
Пашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирди — Новости Кыргызстана

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армениянын ЖККУга мүчөлүк төгүмдөрүн төлөбөгөнү жана бул чечимдин ыктымал кесепеттери тууралуу билдирүүлөргө комментарий берди.

«ЖККУдагы кырдаалга комментарий бере албайм. ЖККУдан чыгаруу механизми бар экенин жана ал иштей турганын билем. Эгерде ЖККУга мүчө мамлекеттер Арменияны уюмдан чыгарууну чечсе, биз бул чечимди эске алышыбыз керек болот. Бизге башка арга калбайт», — деди Пашинян журналисттер үчүн өткөн брифингде, ЖККУдан мүчө мамлекетти чыгаруу процедурасы барбы жана Арменияга карата ушундай маселе жаралышы мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар кабарлады.

8-июнда Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян өлкө уюмдун ишине катышпагандыгын жүйө келтирип, Армения 2025-жылы ЖККУга мүчөлүк төгүмүн төлөбөгөнүн билдирген.

Reporter.kg маалымдамасы: ЖККУнун Уставынын 25-беренесине ылайык, эгерде уюмга мүчө өлкө эки жылдын ичинде бюджеттин алдындагы карызын төлөбөсө, Жамааттык коопсуздук кеңеши ал өлкөнүн жарандарын ЖККУнун алкагындагы квоталык кызматтарга көрсөтүү укугун токтотуп, ошондой эле карыз төлөнгөнгө чейин өлкөнү добуш берүү укугунан ажырата алат.

Ошондой эле 20-беренеде, эгерде ЖККУга мүчө өлкө уставды аткарбаган учурда, Кеңеш ал өлкөнү уюмдан чыгара алары каралган. Бул учурда чечим ал өлкөнүн өзүнүн добушун эсепке албастан кабыл алынат.

Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров 10-июнда ЖККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча билдиргендей, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Армениянын уюм алдындагы карызына байланыштуу ага карата санкцияларды колдонуу ыктымалдыгы жөнүндө маселени карап чыгышат.

Ал Еревандын карызы эки жылдан ашык убакыттан бери төлөнбөй жатканына көңүл буруп, бул блоктун уставында каралган процедураларды баштоого негиз болуп саналарын белгиледи.

Reporter.kg маалымдамасы: Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) — алты постсоветтик өлкөнүн: Орусия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Армениянын коргонуу бирикмеси. Тажикстандан башка ЖККУнун бардык мүчөлөрү ошол эле учурда Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) да кирет.

Эске салсак, Армения 2024-жылдын февраль айында ЖККУдагы мүчөлүгүн токтотуп (тоңдуруп) койгон. Бул чечим өнөктөштөр — алардын ичинде Россия менен Беларусь — өз милдеттенмелерин аткарбай, өздөрүнүн жоопкерчилик аймагын тааныбай жатат деген жүйө менен түшүндүрүлгөн.

Пашинян ЖККУну республиканын коопсуздугуна коркунуч келтирет деп атап, Армениянын «зарыл болгон учурда» уюмдан чыгып кетиши мүмкүн экенин айткан. Ошондой эле белгилей кетсек, июнь айында өткөн ЖККУнун Коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына Армениянын өкүлү катышкан эмес.

Scroll to Top