Камчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту эми ачык түрдө өтөрү айтылууда

11.06.2026 | 17:53
Суд над Камчыбеком Ташиевым и другими политиками теперь будет проходить открыто — Новости Кыргызстана

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жана башка жети адамга карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурумдар эми ачык түрдө өтөт. Бул тууралуу ЖМКлар жазууда.

Маалыматка ылайык, айыпталып жаткандардын биринин жактоочусу Чынара Жакупбекова сотту ачык өткөрүү өтүнүчүн келтирип, аны сот Азирет Медеров канааттандырган. Эми кийинки, 15-июнда, өтө турган соттук отурум ачык өтөрү айтылды.

Соттук отурумдар Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда өтүүдө. Азыркы тапта күбөлөр суралып жатат.

Эске салсак, Ташиевге «Адамдардын тобу тарабынан бийликти күч менен басып алуу» жана «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Атайын кызматтын мурдагы жетекчиси менен кошо бул иш боюнча дагы жети адам өтүүдө. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу, экс-депутат Курманкул Зулушев бар.

Теги: Бишкек
Scroll to Top