Никол Пашинян эгер Арменияны ЖККУдан чыгарышса, буга ыраазы болорун билдирди — толугураакCYBERNOMAD FEST 2026: Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөтБишкектин 9-кичи районунун бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтКытай жана Тажикстан менен чектеш чек арадан сертификаты жок жашылчалар жана көчөттөр артка кайтарылуудаКыргызстан 2026-жылы жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп табылды«Кыргызстандын тоолорунан Ааламды карай алдыга». Астроном Сурдин — кара тешиктер жана убакыт боюнча саякат тууралуу
МСК: 11–15-июнда товарларды маркалоо системасында айрым кызматтар иштебейт
04.06.2026 | 14:27

Мамлекеттик салык кызматы товарларды маркалоо системасында 11-июндан 15-июнга чейин техникалык иштер жүргүзүлөрүн билдирди. Буга байланыштуу айрым сервистер убактылуу иштебейт.
Чектөөлөр төмөнкү мөөнөттөрдө киргизилет:
- Ички маркалоо: Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасына (ТМ МАМС) кирүү 11-июндан 15-июнга чейин мүмкүн болбойт.
- Тышкы маркалоо: Маркалоо коддорун заказ кылуу модулун (МКЗМ) колдонуу 13-июндан 15-июнга чейин чектелет.
Ишкерлерге маркалоо коддорун алдын ала заказ кылуу жана операцияларды техникалык иштер башталганга чейин аяктоо сунушталат.
Мекеменин маалыматында, бул техникалык иштер маркалоо системасынын операторунун алмашуусуна байланыштуу жүргүзүлүүдө. 25-майдан тарта оператордук функциялар «Альфа Телеком» ЖАКтан «Учкун» ААКсына өткөн. Системанын ишиндеги өзгөрүүлөр маалыматтарды көчүрүүгө жана параметрлерди жаңыртууга багытталган. Ошондой эле оператордун алмашуусу маркалоо коддорун алуу тартибин өзгөртпөйт.
Теги: Салык кызматы