Адылбек Касымалиев жаратылышты коргоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 5-июнь – Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата бул тармактагы кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
Өкмөт башчы өз куттуктоосунда глобалдык климаттын өзгөрүшү, табияттын булгануусу учурдун эң курч маселеси болуп жатканын жана бул абал Кыргызстандын жаратылышына олуттуу таасир тийгизип жатканын билдирди. Ал Кыргызстанда акыркы жылдары бул багытта жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.
"Эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте парник газдарынын эмиссияларын азайтуу, жашыл технологияларды жайылтуу жана климаттык туруктуулукту жогорулатуу боюнча маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда. Өлкөбүздүн демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 2023–2027-жылдар Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланган.
Анын айтымында, жасалып жаткан иштердин катарында Бишкек шаарындагы абанын булганышын азайтуу үчүн заманбап автобустарды киргизүү, газ менен камсыздоо, «Жашыл Мурас» өнөктүгү жана Ысык-Көлдү таштандылардан тазалоо иштери да бар. Мындан тышкары борбор калаада таштандыны кайра иштетүү менен электр энергиясын өндүрүүчү заводдун маанисин белгиледи.
Ошондой эле Касымалиев жаратылышты коргоо жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу мамлекеттик органдардын гана эмес, бүтүндөй коомдун жалпы жоопкерчилиги болуп саналарын билдирди.
«Мекенибиздин ар бир жараны экологиялык абалды жакшыртууга салым кошуп, жогорку деңгээлдеги экологиялык маданиятты көрсөтүүгө милдеттүү», — деди ал.
Куттуктоонун соңунда Касымалиев тармактын кызматкерлерине, ардагерлерине жана окумуштууларына ыраазычылык билдирип, аларга ийгиликтерди каалады.
"Дүйнө жүзү жана элибиз майрамдап, белгилеп жаткан ушул салтанаттуу күнү экология жана жаратылышты коргоо тармагында эмгектенип жаткан бардык кызматкерлерге, ардагерлерге, окумуштууларга, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө жана эл аралык өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдүн жана берилген эмгегиңиздердин аркасында Кыргызстан өзүнүн жаратылыш байлыктарын сактоо жана климаттык чакырыктарга жооп берүү багытында ишенимдүү кадамдарды жасап келет",- деди өкмөт башчы.