КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Эскертүү! Такси айдоочулары үчүн лицензия алуу мөөнөтү 1-июлда аяктайт
09.06.2026 | 18:16

Такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин гана созулат. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызмат башкармалыгы эскертти.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Бишкек шаарында 4 миң 203 айдоочу лицензия алды. Учурда күнүнө орто эсеп менен 35–40 адам тиешелүү документти алуу үчүн кайрылып жатканы айтылды.
Кайгуул кызматы ошондой эле лицензиясыз иш алып баргандарга КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 284-беренесине ылайык айып пул салынарын билдирди. Анын өлчөмү:
- жеке жактар үчүн 7 миң 500 сом;
- юридикалык жактар үчүн — 23 000 сом.
Мекеме жүргүнчүлөргө коопсуздук жана мыйзамдуулукту камсыздоо максатында лицензиясы бар таксилердин кызматынан пайдалануу сунуштады.