Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалдыОш шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталды
Нарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйү курулууда
11.06.2026 | 18:02

Нарын шаарында 100 орунга ылайыкталган №5 төрөт үйүнүн курулушу жүрүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуш иштери 2025-жылдын декабрь айында башталган.
Курулуш министрлигинин маалыматында, объект үч кабаттан туруп, жалпы аянты 3 миң 129 чарчы метрди түзөт. Имаратта заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалган палаталар, дарыгерлердин бөлмөлөрү, стерилдөө бөлүмү жана ашкана жайгашат.
Курулуш иштерин башкы подрядчы катары «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы аткарууда. Министрлик жаңы төрөт үйү аймактагы медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана жарандарга заманбап шарттарды түзүү максатында салынып жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Медицина
Теги: Нарын