Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалдыОш шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталды
Грузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапар менен келди
11.06.2026 | 17:40

Бүгүн, 11-июнда, Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Жогорку даражалуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Минкабдын маалыматында, Кобахидзенин иш сапары ррезидент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен ишке ашууда. Бул эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки Грузиянын Өкмөт башчысынын Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий сапары болуп саналат.
Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландалган. Анда кыргыз-грузин кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланып, эки тараптуу укуктук базаны чыңдоого багытталган документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Грузия