Айбек Жунушалиев бүткүл дүйнөлүк шаарлар уюмунун вице-президенти болуп шайланды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» (UCLG) бүткүл дүйнөлүк уюмунун вице-президенти болуп шайланды. Шайлоо кечээ, 25-июнда, Марокконун Танжер шаарындагы уюмдун конгрессинде өткөн.
Бишкек мэриясынын маалыматында, бул уюм дүйнөнүн 140тан ашык өлкөсүнөн 240 миңден ашуун шаарды жана муниципалитетти бириктирген эң ири эл аралык түзүм болуп саналат. Уюм БУУ жана башка эл аралык институттар менен кызматташып, жергиликтүү бийликтердин кызыкчылыктарын глобалдык деңгээлде коргойт.
Вице-президент катары Айбек Жунушалиев шаарларды туруктуу өнүктүрүү, санариптештирүү, экология жана муниципалдык башкаруу боюнча стратегиялык чечимдерди кабыл алууга катыша алат.
Мэрия мэрдин бул кызматка шайланышы Бишкек шаарынын эл аралык аброюн жогорулатууга жана дүйнөлүк шаарлар менен кызматташтыкты кеңейтүүгө шарт түзөрүн кошумчалады.