ЖМК коомчулукту биологиялык коркунучтарга даярдашы керек — Таалайбек Ороскулов

Биолабораториялар жана биологиялык коопсуздук темасы кутум (конспирологиялык) теориялардын алкагынан толук чыгып, эксперттердин ачык талкуусуна айланды. Мындай пикирин медиаэксперт Таалайбек Ороскулов «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борбору уюштурган «Биологиялык чакырыктар жана коркунучтар: глобалдык туруксуздук шартында коопсуздукту камсыз кылуудагы ШКУнун ролу» аттуу тегерек столдун жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, буга жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) чоң салым кошуп, алардын аркасы менен бул тема коомчулукта кеңири талкууга алынды.
Ороскулов биологиялык коопсуздук маселелерин медицина жана санитардык-эпидемиологиялык чаралардын гана көз карашынан эмес, кененирээк геосаясий контекстте кароо зарылдыгын белгиледи.
Эксперт биологиялык коркунучтарга болгон мамиле акырындап өзгөрүп келгенине көңүл бурду.
«50-60-жылдарды эстейличи. Анда бактериологиялык коопсуздук тууралуу китептер жана тасмалар локалдык (жергиликтүү) гана коркунучтар менен байланыштырылчу. 80-90-жылдары ЖМКлар, анын ичинде Голливуд тасмалары риторикасын өзгөртүп, тема бактериологиялык курал багытына өттү. Массалык жугуштуу оорулар жөнүндө тасмаларды эстөө эле жетиштүү. Бүгүнкү күндө чечим кабыл алган саясий элитанын арасында узак убакыт бою талкууланып келген идея реалдуу долбоорлордун катарына өттү. Эгерде азыркы геосаясий кырдаалды карай турган болсок, кезектеги ири чыр-чатак Түштүк-Чыгыш Азияда башталышы мүмкүн деп күтүлүүдө», — деп эсептейт эксперт.
Ошондой эле Ороскулов атиптүү пневмония, чочко тумоосу жана COVID-19 инфекцияларынын алгачкы очоктору Түштүк-Чыгыш Азияда катталганын эске салды.
«1945-жылдан кийин өзөктүк курал глобалдык согуштарды кармап туруучу негизги факторго айланган. Үчүнчү дүйнөлүк согуш биз көнүп калган түшүнүктө болбошу мүмкүн — ал азыр деле жүрүп жатат. Маселе анын формасында гана болууда. Азыр медиа өкүлү катары менин көңүл бургум келген негизги көйгөй — калктын маалымдуулугунун төмөндүгү», — деди Ороскулов.
Ал көптөгөн оорулардын жайылышы объективдүү факторлорго гана эмес, жөнөкөй коопсуздук эрежелеринин сакталбашына да байланыштуу экенин белгиледи.
Эксперттин пикиринде, биологиялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууда негизги ролду жалпыга маалымдоо каражаттары ойнойт.
«Так ушул ЖМКлар калкка реалдуу коркунучтар тууралуу гана маалымат бербестен, жеке коопсуздуктун жөнөкөй эрежелерин да жеткире алат. Адамдар биологиялык коопсуздук — бул биринчи кезекте алардын өздөрүнүн коопсуздугу экенин түшүнмөйүнчө, кабыл алынган ар кандай чаралардын натыйжалуулугу чектелүү бойдон кала берет», — деп жыйынтыктады эксперт.