«Билим муз жаргычы» илимий-агартуу долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аныкталды

26.06.2026 | 14:54
Определены имена победителей научно-просветительского проекта «Ледокол знаний» — Новости Кыргызстана

23-июнда Москвадагы «АТОМ» музейинде «Росатомдун» колдоосу менен уюштурулган «Билимдин муз жаргычы» эл аралык илимий жана билим берүү долбоорунун жетинчи сезонунун жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чаранын жүрүшүндө жеңүүчүлөрдүн ысымдары аталды. Алар август айында «Жеңишке 50 жыл» атомдук муз жаргыч кемеси менен Түндүк уюлга экспедицияга жөнөшөт.

Армения, Бангладеш, Беларусия, Боливия, Бразилия, Венгрия, Вьетнам, Египет, Индия, Индонезия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Мьянма, Намибия, Руанда, Сербия, Танзания, Түркия, Өзбекстан жана Түштүк Африкадан келген 14 жаштан 16 жашка чейинки 5 миңге жакын таланттуу мектеп окуучулары бул уникалдуу арктикалык экспедицияга катышуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн сынактын эл аралык бөлүгүндө күч сынашты.

«Билим муз жаргычы» илимий-агартуу долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аныкталды — Новости Кыргызстана

Рекорддук сандагы арыздар Казакстандан (945 катышуучу), Кыргызстандан (827 катышуучу) жана Беларустан (464 катышуучу) келип түшкөн. Ушундай эле активдүүлүк менен бул жылы Бангладеш жана Мьянма айырмаланды. Айрым өлкөлөр үчүн экспедицияга катышуу тарыхый окуя болуп калат: алардын жарандары Түндүк уюлга эң биринчи ирет барышат.

«Билимдин муз жаргычы» долбоорунда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын №54 мектебинин сегизинчи классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова жеңүүчү болду, эми ал Түндүк уюлга атомдук муз жаргыч менен эл аралык экспедицияга катышат.

«Билим муз жаргычы» илимий-агартуу долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аныкталды — иллюстрация

Эл аралык тандоо 5-майда башталып, үч этап менен өттү. Биринчи этапта катышуучулар илимий викторинанын суроолоруна жооп беришти, анда табигый илимдер, алдыңкы технологиялар, атомдук энергетика жана Арктиканы изилдөө боюнча билимдери текшерилди. Экинчи этапта атомдук тармактын адистери жетектеген бир катар вебинарлар уюштурулду. Анда катышуучулар “Росатомдун” келечектүү чечимдери, анын ичинде арктикалык кемелерди коопсуз жана туруктуу өнүктүрүү үчүн колдонулган технологиялар, ошондой эле дүйнөлүк экономиканын жана илимдин келечегиндеги атомдук энергетиканын ролу жөнүндө айтып беришти.

Эки этаптын жалпы упайларынын негизинде ар бир өлкөдөн ондон финалист тандалып, алар жыйынтыктоочу этапка өтүп, “атомдук технология бүгүнкү күндө дүйнөнү кандайча өзгөртүп жатат” деген темада чыгармачыл иштерди көрсөтүштү. Финалда катышуучулар теманы кандай өздөштүргөнүн гана эмес, стандарттуу эмес ой жүгүртүү жөндөмүн, ынандыруучу аргументтерди түзүү жана материалды кызыктуу жеткирүү жөндөмүн көрсөтүү маанилүү болду. Финалисттердин ишин эл аралык калыстар тобу баалады, анын курамына атомдук тармактын, илим, билим берүү, арктиканын күн тартиби жана илимий коммуникациялар боюнча өкүлдөрү: Россия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин Эл аралык кызматташтык Борборунун коммуникация боюнча башкармалыгынын башчысы Мария Фадеева, «Атомфлот» Федералдык мамлекеттик унитардык мекемесинин (ФМУМ) «Таймыр» атомдук муз жаргычынын ядролук энергетикалык орнотуулар кемесинин экинчи жардамчысы Дмитрий Кузьмицкий, «Росатом Кванттык технологиялары» изилдөө тобунун жана Россиянын кванттык борбору «Кванттык оптика» илимий тобунун жетекчиси Дмитрий Чермошенцев, «Арктика жана антарктикалык илимий-изилдөө институту» Федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинин директору Александр Макаров, Россиянын ядролук билим берүү амбассадору, Улуттук изилдөө атомдук университетинин атомдук энергетика Институту «МИФИнин» (ИАТЭ НИЯУ МИФИ) «ядролук энергия жана жылуулук физикасы» багыты боюнча студенти Чанто Кхын жана арктикалык блогер Алексей Жирухин болду.

««Билимдин муз жаргычы» сыяктуу демилгелер жаштардын атомдук технологияларга жана илимий-техникалык кесиптерге болгон кызыгуусун арттырууда маанилүү ролду ойнойт. Алар мектеп окуучуларына илимди татаал жана алыскы нерсе катары эмес, өз потенциалын ишке ашырып, келечекке салым кошо турган жандуу, заманбап жана келечектүү тармак катары көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Долбоор билим берүү, тармак менен тажрыйбалык таанышуу жана күчтүү мотивацияны айкалыштырып: катышуучулар заманбап дүйнөдөгү билимге, инженердик ой жүгүртүүгө жана эл аралык кызматташтыкка болгон суроо-талапты жакшыраак түшүнө башташат. Мен ушундай долбоорлор жаштарга кесиптик жолдорун аң-сезимдүү түрдө тандоого жана кийинки муунду илим менен инженерияны изилдөөгө шыктандырууга жардам берет, деп ишенем», - деп белгиледи «Билимдин муз жаргычы 2026» эл аралык калыстар тобунун мүчөсү, Россиянын ядролук билим берүүсүнүн амбасадору Улуттук изилдөө ядролук университетинин атомдук энергетика Институту «МИФИнин» «Ядролук энергетика жана жылуулук физикасы» багыты боюнча студенти Чанто Кхын.
«Билим муз жаргычы» илимий-агартуу долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аныкталды — контекст события
«Мен биринчи жолу Арктикада болгонумда, ал мени ар түрдүүлүгү менен таң калтырган: ар кандай түрдөгү жана курактагы муздар, сырдуу айсбергдер, чексиз мейкиндиктер жана укмуштуудай жапайы жаратылыш. Бул жер өзгөчө мүнөзгө, күчкө жана сулуулукка ээ, аны сөз менен же сүрөттөр менен толук жеткирүү мүмкүн эмес — аны өз көзүң менен көрүшүңүз керек. Мындай көз ирмемдер өмүр бою эсиңде калат жана мен бардык экспедициянын катышуучуларына түндүктүн табиятынын тереңдигин жана ар түрдүүлүгүн толук сезип, анын уникалдуу сулуулугун жана атмосферасын өздөрү үчүн ачып көрүшүн чын жүрөктөн каалайм. Бул экспедиция - Арктиканы көрүү үчүн гана эмес, аны глобалдык маанисин түшүнүү үчүн да, бүгүнкү күнү артикалык региондун өнугүшүнө атомдук технологиянын ойногон маанилүү ролун жеке түшүнүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк»- деп билдирди, өзүнүн каалоо тилектерин айтып жатып «Атомфлот» ФМУМнин «Таймыр» атомдук муз жаргычынын ядролук энергетикалык орнотуулар кемесинин экинчи жардамчысы - Дмитрий Кузьмицкий.

Эл аралык арктикалык экспедициясы дүйнөнүн булуң бурчунан мектеп окуучуларын чогултуп, аларды Түндүк уюлда болушуна шарт түзүп, Арктика тууралуу, заманбап атомдук технологиялар жана «Росатом» тарабынан башкарылуучу дүйнөдөгү жалгыз ядролук муз жаргыч флотунун иши жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Чынымды айтсам, мен дагы деле ушунун баары мени менен болуп жатканына ишене албай турам! Мен сынакка өз ишимди жибергенде, жөн гана өз күчумдү сынап көргүм келген, эми Түндүк уюлга барганы калдым. Сынак оңой болгон жок, айрыкча финалда, өз долбоорумду коргоп жатканда. Бирок мен өзүмдү көргөзө алдым. Август айын чыдамсыздык менен күтүп жатам. Себеби башка өлкөлөрдөн келген балдар менен таанышып, ак аюуларды көрүп, албетте, Арктиканы атлмдук муз жаргыч кемесин изилдегенге ашыкмын», - деп бөлүштү Мээрим Турдумахаматова.

Атомдук муз жаргычтын бортунда катышуучуларды россиянын жана эл аралык атомдук тармактын эксперттеринин катышуусундагы бай илимий жана агартуучулук программа: лекциялар, мастер-класстар, илимий эксперименттер жана башка бай интерактивдүү иш-чаралар күтөт. Долбоордун жеңүүчүлөрү үчүн бул – алдыңкы адистерден жаңы билимдерди алуунун жана келечектин илими менен технологиясына кызыккан таланттуу жаштардын эл аралык коомчулугунун бир бөлүгү болуп калуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгү.

Теги: росатом
Scroll to Top