Садыр Жапаров: Талас облусунда 350 орундуу оорукана жана үч медициналык борбор курулат

Талас облусунда 2027-жылы 350 орундуу облустук бириккен оорукананын жаңы имаратынын жана ар бири 100 орундан турган үч жалпы дарыгерлик практика борборунун курулушун баштоо пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, аймакта бир катар медициналык мекемелердин курулушу жүрүп жатат. Алсак, Талас шаарында перинаталдык борбор тургузулууда, ал эми Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы 25 орундуу оорукананын курулушу 74%га аткарылды.
Мындан тышкары, Бакай-Ата районунда жакында эле 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды. 2027-жылы жаңы жалпы дарыгерлик практика борборлорун Талас, Манас жана Айтматов райондорунда куруу пландаштырылууда.
Жолугушууда Жапаров ошондой эле социалдык объектилердин курулушу жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү тууралуу айтып берди. Президенттин администрациясынын маалыматы боюнча, Талас облусунда билим берүү, маданий, социалдык жана өндүрүштүк багыттагы 29 объект курулду.

Талас районундагы объектилерди оңдоого, жолдорду өнүктүрүүгө, таза суу менен камсыздоого жана ирригацияга 366 миллион сом каралган. Бакай-Ата районунда 12 объектинин капиталдык курулушуна 226 миллион сом бөлүнгөн.
Президент мамлекеттик бюджеттин кирешесинин өсүшү аймактарды өнүктүрүүгө көбүрөөк каражат бөлүп берүүгө мүмкүндүк түзүп жатканын белгиледи.
Облустун экономикасы тууралуу сөз кылып жатып, ал жаңы жумуш орундарын түзүү жана бюджеттик түшүүлөрдү көбөйтүү үчүн Жерүй кенин иштетүүнүн, өнөр жайды өнүктүрүүнүн жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоонун маанисин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы райондор арасында, облус борборлору жана Кыргызстандын башка аймактары менен үзгүлтүксүз жүргүнчү ташуу каттамдарын уюштуруу боюнча ишти улантууну өзгөчө тапшырды.
Ошондой эле Жапаров Бакай-Ата районундагы кара өрүктү кайра иштетүүчү ишкананын курулушун колдоо зарылдыгына көңүл бурду.
Анын айтымында, мектептердин, бала бакчалардын, спорт аянтчаларынын курулушу жана калкты таза суу менен камсыз кылуу маселелери жакынкы жылдарда баскыч-баскычы менен чечилет.
Сөзүнүн соңунда президент аймак тургундарынын суроолоруна жооп берди.