Банктар сом менен чет элдик валютага караганда 700% көп насыя беришти Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо аяктадыБишкекте айдоо укугунан ажыратылган BMW айдоочусу кубалашып, МККБнын унаасын сүздүБишкекте тазалоочу курулмалар модернизацияланып, биогумус алуу пландалуудаКыргыз режиссеру Артыкпай Сүйүндүков АКШда «Ак илбирс» сыйлыгына татыдыТатьяна Кимдин Wildberries’тен кетиши: компаниядан эмне деп билдиришти
Айрым аймактарда жаан жаайт: 20-августка карата аба ырайы
20.08.2026 | 09:00

Бүгүн, 20-августта, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, ошондой эле Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 16…21°C, күндүз 32…37°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 12…17°C, күндүз 29…34°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 32…37°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 32…37°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 32…37°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16°C, күндүз 23…28°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 7…12°C, күндүз 24…29°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 19…21°C, күндүз 34…36°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: аба ырайы