Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Тигүүчүлөр жана электрондук соода менен алектенгендер бирдиктүү салыктан убактылуу бошотулду
19.08.2026 | 17:50

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин айрым ишкердик субъекттери үчүн салыктык жеңилдиктер киргизилгенин билдирди.
Маалыматка ылайык, бирдиктүү салыкты төлөөдөн жана отчёт берүүдөн төмөнкүлөр бошотулат:
- тигүү жана текстиль өндүрүшүн жүргүзгөн субъекттер;
- ЕАЭБ өлкөлөрүндө электрондук соода аянтчалары аркылуу товар саткан селлерлер.
Жеңилдик Салык кызматында каттоосу бар субъекттерге берилет. Селлерлер үчүн милдеттүү шарт — тиешелүү платформада өзүнүн ИННин колдонуу менен иш жүргүзүп жаткандыгын тастыктаган документтин болушу.
Бул бошотуу бирдиктүү салыкка гана тиешелүү. Башка салыктар жана социалдык төлөмдөр мурдагыдай эле төлөнөт. Тактап айтканда, жалданма кызматкерлердин киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү үчүн иш берүүчүлөр жоопкерчилик тартат.