Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Футбол: Караколдун «Барс» клубу Кыргызстандын Суперкубогун жеңип алды
20.08.2026 | 09:50

19-августта Бишкек шаарында Кыргызстандын 2026-жылкы Суперкубогу үчүн беттеш өтүп, аны Караколдун «Барс» клубу жеңип алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
«Алга» спорт комплексинде кубок үчүн «Барс» клубу Бишкектин «Дордой» командасы менен беттешти. «Дордой» 2025-жылы Кубоктун ээси болгон.
Оюн 2:0 эсебинде «Барс» клубунун жеңиши менен аяктады. Эки голду тең чабуулчу Бекжан Сагынбаев (45+7′, 47′) киргизди. Жеңүүчүлөргө кубокту жана 50 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сертификатты Кыргыз футбол биримдигинин президенти, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Суперкубогу үчүн беттештер 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. «Дордой» клубу бул турнирди 6 жолу жеңип, рекорддук көрсөткүчкө ээ.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт