Бишкекте сүрөтчү Асаналы Бейшеновдун жеке көргөзмөсү ачылат

12-ноябрда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде Кыргыз эл сүрөтчүсү Асаналы Бейшеновдун «Ат — адамдын канаты» аттуу жеке көргөзмөсү ачылат. Ал сүрөтчүнүн 85 жылдык мааракесине арналып уюштурулууда. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Көргөзмө 12–29-ноябрь күндөрү музейдин биринчи кабатында өтөт. Экспозицияга сүрөтчүнүн ар кайсы жылдары жараткан эмгектери коюлат. Анын чыгармаларында адам, жаратылыш, коомдук турмуш, тарыхый окуялар жана аттын образы чагылдырылган.
Асаналы Бейшенов 1941-жылдын 24-апрелинде Чүй облусунун Сокулук районунда туулган. Ал С.А. Чуйков атындагы Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын жана В.И. Суриков атындагы Москва көркөм сүрөт институтун аяктаган. 1964-жылдан бери республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөргө катышып келет.
Сүрөтчүнүн эмгектери Мамлекеттик Третьяков галереясында, Гапар Айтиев атындагы музейде, Т. Садыков атындагы Ош облустук музейинде, ошондой эле чет өлкөлөрдүн музейлеринде жана жеке коллекцияларда сакталуу.