Кызыл-Кыяда мылтыкчан адам дүкөндүн ичинен бир жаранды атып салган (видео)

Кызыл-Кыяда мылтыкчан адам дүкөндүн ичинен бир жаранды атып салган (видео)

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында мылтык менен куралданган адам дүкөндүн ичинен бир жаранды атып салган. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Милиция билдиргендей, 25-октябрда болжол менен саат 02:15те «102» номерине Кызыл-Кыядагы спирт ичимдиктерин саткан дүкөндө ызы-чуу болуп, белгисиз адам ок атуучу курал менен бир жаранды атып салгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маалымат түшкөндөн кийин окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барган.

Белгилүү болгондой, аталган дүкөндүн ичинде 32 жаштагы Л.Ш. жана 27 жаштагы И.У. аттуу жарандар өз ара пикир келишпестиктен улам, чырдаша кеткен. Натыйжада 27 жаштагы жаран жанындагы мылтык менен 32 жаштагы жаранды атып салган. Андан кийин окуя жеринен качып кеткен.

Октон жараат алган адам Кызыл-Кыя шаарынын жалпы дарыгерлик практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жараатынан улам каза болгон.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектелген 27 жаштагы жаранды издөө иштери жүрүүдө.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, каза болгон адам менен издөөгө алынган жаран мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>