Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Азия оюндары: Балбан Раззак Бейшекеев коло медаль тагынды
06.10.2023 | 21:24
Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшү боюнча Азия оюндарында коло медаль тагынды.
Бейшекеев 67 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Спортчу биринчи беттеште жапониялык спортчуга утулуп, андан кийин Тажикстандын өкүлүн утту. Коло байге үчүн болгон беттеште Бейшекеев Өзбекстандын балбаны менен беттешип, жеңишке жетти.
Мелдеш 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын шаарларында өтүүдө. Ага 45 өлкөдөн 12 500дөй спортчу катышууда.
Раззак Бейшекеев “Ак илбирс” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучусу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт