Кыргызстанда КММдин кымбатташы Жакынкы Чыгыштагы абалга байланыштуу — Нефтетрейдерлер ассоциациясыБалдарды сатып алып, аларга карата аморалдык аракеттерди жасашкан. Бишкекте 2 адам соттолдуКыргызстан Брюсселдеги сотто «Бакай Банктын» иши боюнча жеңишке жетти — Аскат АлагозовКыргызстан Анкарада өткөн халал-аккредитация боюнча биринчи Эл аралык конгрессте өз тажрыйбасын тааныштырдыСоттун оң чечимин убадалап, 26 миң доллар алган. Аламүдүн райсотунун судьясы кармалдыЫсык-Көл районунун мамлекеттик нотариусу коррупцияга шектелип кармалды
Азия оюндары: Нурзат Нуртаева күмүш тагынды
06.10.2023 | 16:37
Кыргызстандык балбан кыз Нурзат Нуртаева (68 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын күмүш байгесин тагынды.
Нуртаева бүгүн, 6-октябрда килем үстүнө чыгып, таймашты чейрек финалдан баштаган. Биринчи беттешинде ал казакстандык Елена Шалыгина менен күрөшүп, аны 8:7 эсебинде жеңди. Жарым финалда Нуртаева монголиялык Делгермаа Энкхсайкханды 10:8 эсебинде уткан.
Алтын үчүн беттеште Нурзат Нуртаева кытайлык Фең Жоу менен беттешип, бирок 2:13 эсебинде атаандашына жеңилди. Муну менен Нуртаева Азия оюндарынын күмүш байгесин утту.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз