УКМК уюшкан кылмыштуу топтон жабыркагандарды байланышууга чакырат

УКМК уюшкан кылмыштуу топтон жабыркагандарды байланышууга чакырат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн опузалап акча талап кылуу, рейдерлик басып алуу жана башка оор кылмыштуу аракеттери тууралуу кабар берүүгө чакырат.

Мекеме учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы активдүү иш жүрүп, акыркы окуяларга байланыштуу коомдун жана мамлекеттин, анын ичинде инвесторлор менен бизнес-коомчулуктун кызыкчылыгын коргоо аракети көрүлүп жатканын белгилейт.

Коопсуздук кызматы кылмыштуу аракеттерге каршы катаал чара көрүүнү убадалап, жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруп берерин маалымдайт.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

Бүгүн УКМК тарабынан Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү пара талап кылууга шектелип кармалды.

Видео: Көлбаевдин тобундагы Таласты «караган» адам кармалды, — УКМК

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>