Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Азия оюндары: Нурзат Нуртаева финалга чыкты (видео)
06.10.2023 | 12:54
Кыргызстандык балбан кыз Нурзат Нуртаева (68 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты.
Бүгүн, 6-октябрда таймашты баштаган Нуртаева чейрек финалдагы биринчи беттешинде казакстандык Елена Шалыгина менен күч сынашып, аны 8:7 эсебинде утту.
Андан кийин жарым финалда ал монголиялык Делгермаа Энкхсайкханды 10:8 эсебинде жеңди.
Финалда Нуртаева кытайлык Фең Жоу менен беттешет.
Эскерте кетсек, Нурзат Нуртаев бул Азия оюндарына жакында Сербиядагы дүйнө чемпионатында жаракат алып калган Мээрим Жуманазарованын ордуна катышып жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом