«Улуулардын ысымдары менен»: ОГКнын мүчөлөрү Чыңгыз Айтматов чокусун багындырыштыБишкектеги фестивалда окумуштуулар космос, адам жана медицина тууралуу айтып беришетСоода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындадыЖети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталдыӨзбекстандын ЖОЖдорунда акысыз окуу үчүн кыргызстандыктарга 20 орун бөлүндүКыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүн
“Балдарга сабатып, өлтүрүп кетем”. Ошто акча опузалоого шектүү кармалды (видео)
23.07.2024 | 17:20
Ош шаарында акча опузалоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин маалыматы боюнча, Оштун милициясына шаар тургуну кайрылып, мурдагы сүйлөшкөн кызынын эски жигити акча опузалаганын билдирген. Ал телефон чалып, 150 миң сом акча берүүнү талап кылып, болбосо “балдарга сабатып, өлтүрүп кетемин” деп коркуткан.
Аталган факт боюнча “опузалап акча талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Милиция билдиргендей, 33 жаштагы шектүү К.А. 40 миң сом акчаны алып жатканда кармалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.