“Эмне майрам?”, “Канча күн эс алуу?”. Акыркы 7 күндө Googl’га көп коюлган суроолор

“Эмне майрам?”, “Канча күн эс алуу?”. Акыркы 7 күндө Googl’га көп коюлган суроолор

Кыргызстандыктар акыркы жети күндөн бери ноябрь айында катар келген майрамдарды түшүнө албай аң-таң. Бул тууралуу Googletrends’дин анализи маалымдайт.

Апта ичинде “7-ноябрь Кыргызстанда майрам”  деген тема менен издөө алдынкы орунга чыккан.

Андан сырткары, өлкө жарандарынын көпчүлүгү 6-8-ноябрь күндөрү эмнеге дем алып жатканын жана Ата-бабалардын эскерүү күнүнүн маңызын түшүнбөй Googl’дан сурашкан.

“Бүгүн эмне майрам?”, “Ноябрдагы эс алуу” темалары менен издөөлөр дагы арбын.

Майрамга байланыштуу эс алуу учурунда грин-карта толтурууга камынгандар дагы жок эмес.

Кыргызстандыктар алдыда өтө турган   дүйнө чемпионатына тандап алууга дагы кызыгуусу күч. Алар Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы беттеше турган Омандын футболчулары жана оюн өтө турган стадиондор тууралуу маалымат издешкен.

“Кыргызстан Филиппин менен ойнойбу?”, —  деген суроо дагы Googl’га бир нече жолу берилген.

Ал эми бир ай ичинде  изделген темалардын ичинен өлкөнүн кен байлыктары боюнча маалымат сап башында турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>