Балыкчыда коррекциялык жардам көрсөтүү борбору ачылды

Балыкчыда коррекциялык жардам көрсөтүү борбору ачылды

Балыкчы шаарында “Сантерра Север” коомдук фондунун алдындагы “Алгачкы кадамдар” ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата коррекциялык кызмат көрсөтүү борборунун ачылышы болду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Бул борбор балдардын сүйлөөсүн, жүрүм турумун жана психологиялык абалын жакшыртуу, коомго социалдашуусуна багытталган.

“Алгачкы кадамдар” аталышындагы борбор “Сантерра север” даун синдрому бар балдардын ата-энелеринин коомдук фондунун алдында ишке кирди. Борбордо психолог, логопед, дефектолог адистери тарабынан АВА терапия, сенсордук интеграция, АФК боюнча жардам көрсөтүлө баштайт.

Өзгөчө балдарга кам көрүүчү борбордо демөөрчүлөрдүн көмөгү менен оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүп, керектүү жабдуулар алынып, бардык шарттар түзүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>