Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жарандарды шайлоого катышууга кызыктыруу үчүн лотерея өткөрүп, сыйлык берүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Маматалиевдин айтымында, акыркы жылдары шайлоого келгендердин саны өтө аз болууда: шайлоочулардын 30%га жакыны гана добуш берүүдө.
Шайлоого катышпагандарга айып салуу маселеси да көтөрүлгөнүн айткан депутат жарандарды шайлоого келүүгө кызыктыра тургандай лотерея аркылуу сыйлык берүүнү сунуштоодо.
«Шайлоочу добушканага келгенде талон алат. Ал добуш берип чыккандан кийин ошол талон боюнча шайлоо күнү кечки 22:00дордо лотерея ойнотулат. Сыйлыкка батир, унаа, «Айфон», турмуш-тиричилик техникасын берүү маселеси каралууда», — деди ал.
Ал ар бир шайлоочу «менин добушум эч нерсе чечпейт» дебей, шайлоого катышышы керек деген пикирде.
Быйыл күзүндө парламенттик шайлоо өтөбү? Төрага орун басарынын жообу