Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Таш-Көмүр шаарында балдардын көркөм өнөр мектеби ачылат
27.08.2026 | 16:32

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында балдардын көркөм өнөр мектеби окуу жылынын башында ишке берилет. Имарат Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан курулду.
Курулуш министрлигинин маалыматында, курулуштун наркы 38,6 миллион сомду түзүп, ал республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Эки кабаттуу имараттын аянты 479 чарчы метрди түзөт.
Мектеп музыкалык жабдуулар менен камсыздалган. Долбоор шаардын жаштарынын билим алуусу жана чыгармачылык менен алектенүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.