Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Бишкектин Маевка айылында көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты
25.08.2026 | 09:47

25-августка караган түнү Бишкек шаарынын Маевка айылындагы көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Өрт Набережная көчөсүндө жайгашкан №33 үйдө чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм жана штаб тартылган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн биринчи бөлүмү окуя болгон жерге саат 00:07де барган. Тилсиз жоо саат 01:06да чектөөгө алынып, саат 04:25те толугу менен өчүрүлгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, окуянын кесепетинен жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар