Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
29-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолу
29.08.2026 | 10:00

Бүгүн, 29-августта, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин күчөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 15…20°C, күндүз 33…38°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 10…15°C, күндүз 28…33°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 32…37°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 32…37°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 32…37°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15°C, күндүз 25…30°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 5…10°C, күндүз 27…32°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 17…19°C, күндүз 33…35°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: аба ырайы