Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Бишкекте мушташтан кийин чет өлкөлүк жарандар милицияга жеткирилди
29.08.2026 | 10:04

Бишкекте милиция кызматкерлери мушташка катышкан чет өлкөлүк жарандарды Тергөө кызматына жеткиришти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, жаңжал 28-августта чет өлкөлүк жарандар жашап жаткан убактылуу турак жайда болгон. Алгач алардын ортосунда сөз талаш чыгып, кийин ал мушташка айланган.
Милиция кызматкерлери жаңжалдын бардык катышуучуларынын өздүгүн аныктап, аларды Тергөө кызматына жеткиришти.
Бул факт Бишкектин Октябрь райондук ИИБинин маалыматтарды каттоо журналына катталды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен ар бир катышуучунун аракетине укуктук баа берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: ИИМ