Баткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды

Аскер прокуратурасы Баткен райондук аскер комиссариатынын бөлүм башчысын пара талап кылууга шектеп кармады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Баткен районунун тургуну прокуратурага кайрылган. Анын арызына ылайык, аскер комиссариатынын кызматкери уулун мөөнөттүү аскердик кызматка жөнөтөрүн айтып коркутуп, акча талап кылган. Ошол эле учурда жаш жигиттин аскердик кызмат өтөөгө жараксыздыгы тууралуу медициналык корутундусу болгон.
Прокуратуранын маалыматына караганда, шектүү акча алып жаткан учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Аскердик контрчалгын башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө кылмыш үстүндө кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө уланууда.
Аскер прокуратурасы Куралдуу күчтөрдөгү коррупциялык мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи.