Баткенде Жогорку Кеңештин эки фракциясы көчмө жыйын өткөрөт

Баткенде Жогорку Кеңештин эки фракциясы көчмө жыйын өткөрөт

Жогорку Кеңештин «Ынтымак» жана «Ишеним» фракциялары 5-февралда Баткен облусунда көчмө жыйын өткөрүүнү көздөшүүдө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, депутаттар «Баткен районунун статусу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын, Тажикстан менен чек арадагы абалды, ошондой эле куралдуу кагылыштардын кесепеттерин жоюу боюнча калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн талкуулоону көздөшүүдө.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жогоруда айтылган маселе боюнча баяндама жасайт. Ал эми көчмө жыйынга Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги, Транcпорт жана коммуникациялар министрлиги, Коргоо министрлиги, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги катышат.

Белгилей кетсек, буга чейин облуста министрлер кабинети да сырттан жыйын өткөрөрү маалымдалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>