Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
Баткен окуясында каза болгон чек арачынын ысымы Бишкектин көчөсүнө берилди
02.02.2022 | 14:57
Бишкектин “Ала-Тоо-3” жаңы конушундагы көчөгө 2021-жылдын апрель айында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышта курман болгон жоокердин урматына Эсентур Кубанычбековдун ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу Жыргалбек Бердибеков социалдык тармагы аркылуу билдирди.
Эсентур Кубанычбеков Мамлекеттик чек ара кызматынын Нарын облусунда жайгашкан No2025 аскер бөлүгүнүн «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын командиринин орун басары болуп иштеген. Ал 30 жашында Тажикстан менен чектеш аймактардагы кагылышууларда каза болгон.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом