Баткендеги Орозбеков айылында сел жүрдү  

Баткендеги Орозбеков айылында сел жүрдү  

Бүгүн, 27-май саат 16:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн Охна сайынан сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  Учкун, Бостон, Кара-Кечүү, Больничная, Жоогесек-Коргон тилкелерине баруучу 7 бетон шакекче менен курулган көпүрөнүн айланасындагы кум-шагылдарды агызып кеткен.  Сайдын 700 метр жээгин сел суулары жеп, Күлдү, Гараж жана Өндүрүш айылдарында 600 метр ички чарбалык арыктарды, Суу пайдалануучулар ассоциациясына (СПА) караштуу 50 метр сугат каналын кум-шагылга толтурган.

Ошондой эле суу бөлүштүргүч каналды бузуп, 2 га айдоо жерлерин суу каптаган.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө  ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы полковник О.Пазылов жетектеген ыкчам топ тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

 

Тэги: Баткен сел

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>