Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Бишкекте ижарага берилүүчү электросамокаттар төрт күнгө алынып салынат
29.08.2026 | 11:07

30-августтан 2-сентябрга чейин Бишкекте ижарага берилүүчү электросамокаттар муниципалдык аймактардан убактылуу алынып салынат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Шаар бийлиги электросамокаттарды ижарага берген компанияларга бул күндөрү аларды муниципалдык аймактарга жайгаштырбоону жана токтотуп койбоону сунуштады.
Мындан тышкары, компанияларга ижарага берилүүчү башка жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонууну да убактылуу чектөө сунушталды.
Чектөөлөр Бишкекте эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу. Мэриядан билдиришкендей, бул чаралар коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жол кыймылын үзгүлтүксүз уюштуруу жана расмий иш-чаралардын катышуучуларынын тоскоолдуксуз жүрүүсү үчүн зарыл.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом