Кыргызстан климаттык каржылоону Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу тартууну көздөөдө

Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын Жашыл климаттык фонддо аккредитациядан өткөрүү пландалууда. Бул өлкөнүн климаттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Аккредитациядан өтүү мүмкүнчүлүктөрүн жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчилиги талкуулады.
Учурда тараптар банктын Жашыл климаттык фонддун талаптарына канчалык деңгээлде даяр экенин карап жатышат. Атап айтканда, экологиялык жана социалдык стандарттар, тобокелдиктерди башкаруу системасы жана долбоорлордун портфелин түзүү маселелери талкууланууда.
Минжаратылыштан белгилешкендей, аккредитациядан өткөндөн кийин Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу Жашыл климаттык фонддун каражаттарын климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана көмүртек аз бөлүнүп чыккан өнүгүү долбоорлоруна тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Токтобаевдин айтымында, Кыргызстанга эл аралык климаттык каржылоону тартууга гана эмес, бул каражаттарды улуттук финансылык институттар аркылуу долбоорлорго багыттоого мүмкүндүк берген системаны түзүү зарыл.