Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы кыз Сокулук районунан табылды
29.08.2026 | 12:07

Буга чейин дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Сатаева Раяна 29-августта Чүй облусунун Сокулук районунун аймагынан табылды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ИИБинен билдиришти.
Кызды жергиликтүү тургундардын бири көрүп калып, «102» кызматына кабарлаган. Милиция кызматкерлери кыраакылык көрсөткөн жаранга, ошондой эле баланы издөөгө жардам берген бардык жарандарга ыраазычылык билдиришти.
Эске салсак, Раяна 25-августта дайынсыз жоголгон. Саат 11:40 чамасында ал Ак-Босого конушундагы даректердин бирине келип, велосипедин ошол жерге калтырып, чыгып кеткен. Ошондон кийин анын жүргөн жери белгисиз болгон. Кыздын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат 26-августта милицияда катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом