Кыргызстанда 26 миллиондон ашык эсеп ачылды: финансы секторунун кирешеси рекорддук чекке жетти

Кыргызстанда банктардын жана финансылык уюмдардын кардарлар базасы 26 миллиондон ашты. Акыркы бир жылдын ичинде эле 6,8 миллион жаңы эсеп кошулган. Улуттук статистика комитетинин талдоочулары мындай кескин өсүштү жарандардын мобилдик банкингге жана онлайн-насыя кызматтарына массалык түрдө өтүшү менен түшүндүрүшөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 1,6 эсеге өсүп, 167 миллиард сомго жетти. Бул сумманын басымдуу бөлүгүн салтка айлангандай эле коммерциялык банктар жана Улуттук банк иштеп тапкан.
Өлкөдө берилген насыялардын жалпы көлөмү 677,4 миллиард сомду түздү (анын 89%ын банктар берген). Кыргызстандыктар насыяларды көбүнчө керектөө муктаждыктарына (36%), сооданы өнүктүрүүгө (22%), ипотекага (12%) жана айыл чарба багытына (10%) алышкан.