Базар-Коргон районунда сугат скважинасы ишке берилди

10.11.2026 | 10:35
Базар-Коргон районунда сугат скважинасы ишке кирди — Новости Кыргызстана

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ай тилкесинде сугат скважинасы сыноо иретинде ишке киргизилип, андан суу чыгарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, райондо жалпысынан жети скважинаны ишке берүү пландалууда. Объектилер капиталдык салымдар беренесинин эсебинен министрликке караштуу Суу ресурстары кызматы тарабынан курулууда.

Министрлик бул иштер аймактагы сугат суу тартыштыгын жоюуга, дыйкандарды суу менен камсыздоого жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталганын билдирди.

Scroll to Top