Чүй районунда 202 гектар аянтка өнөр жай аймагы түзүлөт

Чүй районунда жалпы аянты 202 гектарды түзгөн өнөр жай аймагын түзүү пландалууда. Бул тууралуу 7-ноябрда президент Садыр Жапаровдун райондун 2021–2026-жылдардагы өнүгүү көрсөткүчтөрү менен таанышуу учурунда айтылды.
Маалыматка ылайык, өнөр жай аймагында инвестициянын көлөмү 31 млрд 640 млн сомду түзгөн 21 ишкана курулат. Инфраструктураны куруу үчүн 600 млн сом талап кылынат.
Өлкө башчы жыйында райондо акыркы беш жыл ичинде жасалган иштер тууралуу таанышкан. Атап айтканда, аймакта 31 социалдык объект курулуп, пайдаланууга берилген. Алардын катарында төрт мектеп, үч спорт комплекси, бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, фельдшердик-акушердик пункт, 14 кичи футбол аянтчасы жана административдик имарат бар. Мындан тышкары, 44,78 чакырым суу түтүктөрү тартылып, 34,9 чакырым сугат каналы курулган, оңдолгон жана тазаланган.
Учурда Чүй районунда жети объектинин курулушу уланып жатканы маалымдалды. Калыгул-Бурана, Дөң-Арык жана Садовое айылдарында бала бакчалар, Кара-Дөбө жана Прогресс айылдарында мектептер, Кегети токой чарбасында башталгыч класстар үчүн мектеп салынып жатат. Ошондой эле Ленин-Жол, Чоң-Жар жана Бурана айылдарында кичи футбол аянтчалары курулары айтылды.