«Кумтөр»: Калдык сактоочу жайда 3,5 млрд долларлык алтын бар

«Кумтөр»: Калдык сактоочу жайда 3,5 млрд долларлык алтын бар

Президент Садыр Жапаров 7-февралда, жумушчу кеңешме өткөрүп, анда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын 2022-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчету жана жакынкы келечекке пландары каралды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын президенти Алмаз Барыктабасов отчеттук мезгил учурунда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кабыл алынган чаралар, ошондой эле геологиялык чалгындоо жана тоо иштери тууралуу маалымат берген.

Анын маалыматына ылайык, былтыр «Кумтөрдө» 17,3  тонна алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөрдү 32,1 млрд сом суммасында которгон, план боюнча 30,1 млрд сом болчу. Муну менен төлөмдөрдү которуу 6,6% жогору болгон.

Алмаз Барыктабасов ошондой эле заманбап технологияны колдонуу менен алтынды алып чыгуу максатында кендеги калдыктарды сактоочу жайдагы (хвостохранилище) калдыктарды кайра иштетүү пландары жөнүндө айтып берген.

«Калдык сактоочу жайдагы калдыктар жарым кургак зыянсыз аралашмага иштелип чыгат. 2026-жылдан тартып калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүүдөн алтын алынып башталат. Ошентип жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алынары пландалууда.

Калдык сактоочу жайдагы калдыктарды толук кайра иштетүү 2040-жылга чейин болот. Калдык сактоочу жайдан алынган алтындын жалпы баасы дээрлик 3,5 млрд доллар деп бааланууда. Муну менен калдык сактоочу жайдагы калдыктарды зыянсыз кургак аралашма кылып толук кайра иштеп чыгууга, андан ары алтынды бөлүп алуудан экономикалык пайда көрүүгө мүмкүн болот», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Алмаз Барыктабасов дөңгөлөк чыгаруучу заводду куруу долбоору тууралуу маалымат берген. Анын максаты «Кумтөр» кенинин кен казуучу самосвалдарынын дөңгөлөктөрүн гана эмес, Кыргызстандын аймагындагы жеңил жана жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн дагы кайра иштетүү.

Ошону менен бирге ал бул ишкананын гана эмес, башка тоо-кен жана курулуш ишканаларынын да өндүрүштүк керектөөлөрүн жабууга ылайыкталган кубаттуулугу жылына 50 миң тонна акиташ заводун куруу долбоору тууралуу айтып берген.

Маалыматты уккан соң, Садыр Жапаров «Кумтөр» Кыргызстандын эли үчүн иштеши керек болгон эң ири алтын казуучу ишкана экенин, ошого жараша компаниянын жетекчилигинен натыйжалуу жана рационалдуу башкаруу талап кылынарын белгилеген.

Жапаров “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ачык-айкын ишмердүүлүгүн камсыздоого, айрыкча жабдууларды жана башка керектүү буюмдарды сатып алуу сыяктуу тармактарда коррупцияны болтурбоо керектигин айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>